Бир нече жыл бойдокчулук доорун сүрүп калган ырчы Турдалы Аскарбеков бойдокчулук менен коштошту. Турдалы арзып алган жубайы Айнура менен бир жыл сүйлөшкөн. Ырчынын келинчегинин кесиби бухгалтер. Баш кошкон жубайлардын үйлөнүү-үлпөтү 25-ноябрда борбордогу “Азия Ордо” ресторанында болуп өттү. Тойго тууган-урук, дос-тамыр деп отуруп 240 адам чакырылды.