Ырчы Аида Кулуеваны айтылуу Ак Мөөрдү сүйгөн Жантай чал курагындагы Жантай аттуу адам сүйүп калды. Ал Аиданын өң-келбетин Ак Мөөргө окшоштуруп сүйгөн. Жантай “Аидага үйлөнсөм, ал мен үчүн гана ырдайт” деп азыртан эле талаптарын ачык билдирүүдө. Ырчынын продюсери Назгүл Насыеванын “ырдатпай койсоңуз, менин эмгегим кайда калат?” деген суроосуна “50 000 доллар берем” деп жооп берген. Аида эмне деп жооп берет, азырынча белгисиз.