Буга чейин батирден-батирге көчүп жашап келген ырчы Ильяз Абдыразаков эми төрт бөлмөлүү квартиранын кожоюну болду. Ырчы ал квартираны өзүнө каттатты. Ошентсе да, Ильяз учурда дагы деле батирде тиричилигин өткөрүүдө. Анткени, квартирада жазга чейин ремонт иштери жүргүзүлөт. Ремонт иштери аягына чыккан соң ал ырчынын үйүнө да, студиясына да айланмакчы. Ильяз бул квартирасын алганга чейин шаардын чет жагынан жер тилкесин да сатып алган. Ал жакка да жаздын алгачкы айларынан тарта үй салууну пландаштырууда.