ЧЫР-ЧАТАКТУУ АЖЫРАШУУЛАР

Жылдыздар дагы адамдар. Алардын деле үйбүлөлүк турмушунда ар кандай пикир келишпестиктер көп эле болот. Мындай эки тараптуу көз караштардын жыйынтыгында кээ бирлери ажырашып да кетишет эмеспи. Ал эми жылдыздардын ар бир кадамына кызыккан көпчүлүк күйөрмандар үчүн мындай ажырашуулар чоң талкууну жаратат...

Ажырашууга алып келген «Ажырашуу» фильми
Алты жыл чогуу өмүр сүргөн атактуу жубайлар актриса Кейт Хадсон менен ырчы Крис Робинсондордун акылсыздыктын айынан келип чыккан дүйнөнү дүңгүрөткөн ажырашууларына күлкүң келет. Ажырашуу сунушун Крис өзү киргизген жана дароо эле сот аркылуу уулу Райдерди өзүнө алуу үчүн аракеттерин баштаган. Кристин сотко кайрылган арызында “Кейт бала тарбиялоого акысы жок. Анткени, ал баласын карамак тургай, үйбүлөсүнүн бар экендигин да билбейт. Ага спирт ичимдиктери жана түнкү клубдар болсо эле жетишет. Мен мындан ары Кейт менен жашай албайм. Себеби, акыркы жолу «түнкү клубга барба» дегеним үчүн толтура курбу кыздары менен мени сабап кетти” деген билдирүүлөрү бар. Ал эми Кейт болсо: “Мен “Ажырашуу” деген киного тартылгандан кийин эле негедир ажырашуунун себептерин ойлоно берчүмүн. Мүмкүн, бул фильмге тартылбаганымда, үйбүлөмдү сактап калмакмын”,- деген.

«Наркомандардын үйбүлөсү» ажырашканда
Атактуу америкалык ырчы Уитни Хьюстон 2006-жылдын сентябрь айында жергиликтүү сотко музыкант жолдошу Бобби Браун менен расмий түрдө ажыраштыруусун суранган арызы менен кайрылган. Арыздын мазмуну боюнча сот бир гана жубайларды ажыраштырып койбостон, жолдошу Боббини Уитнинин өмүрүнө кол салгандыгы үчүн жоопко тартышы керек болчу. Уитнинин айтуусунда, экөөнүн 14 жылдык чогуу турмушунда Бобби бир нече жолу баңгизаттарын колдонуп алып ырчынын өмүрүнө кол салып, аны муунткан. Ал гана эмес, кээде Уитниден баңгизаттарын колдонууну талап кылчу. Мунун жыйынтыгында, бул үйбүлө “наркомандардын үйбүлөсү” деген атка конуп, ырчынын бул азгырыкка таптакыр көз каранды болуп калышына алып келген. Ырчы Уитни наркоман күйөөсү менен ажырашкандан кийин 2002-жылдан бери биринчи жолу быйыл кайрадан жаңы альбомун чыгарууну пландап жаткан кези.

Беш баланын атасы башканы сүйүп калып...
“Комедия фильмдеринин жүзү” аталган Эдди Мерфи дагы 13 жылдык үйбүлөлүк турмушунда беш баланын атасы аталганда гана башканы сүйүп калганын айтып, жубайы фотомодель Николь Митчелл менен ажырашып кеткен. Бул түйгөйлөрдүн ажырашуусу да дүйнө элдери үчүн чоң талкуу жараткан эле. Анткени, Эддинин сүйгөнү дагы бир атактуу ырчы, “Spice girls” тобунун солисткасы Мелани Браун болуп чыккан. Жаңы гана үлпөт тойго камына башташканда Мел Би кош бойлуу экендигин кабарлайт. Бирок, негедир Эдди “бала меники эмес” деп чыгып, Мел Бини да таштап кеткен. Жыйынтыгында, медициналык текшерүүлөр­дөн өтүшүп, Меланинин кызы Эддиден экендиги далилденген. Учурда актёр кызы Энджел Ирис Мерфи-Браунга алимент катары ай сайын 15 миң доллар төлөп турууга милдеттүү. Учурда актер “ажырашууларымдын айынан көп чыгаша болуп жатам” деген билдирүүлөрүн айтып келет.

Жубайы башына кетчуп куюп жибергендиги үчүн ажырашкан Пол Маккартни
“Битлз” тобунан чыккан атактуу ырчы Пол Маккартни дагы экинчи жубайы Хизер Миллс менен ажырашуусунда чоң чыр-чатактарды чыгарды. Бул тууралуу: “Менин бир бутум жок майып болгонума карабастан экөөбүздүн 4 жылдык үйбүлөлүк турмушубузда мага мыкаачылык менен мамиле кылуусун токтоткон жок. Бир күнү муунтуп чачымдан сүйрөсө, экинчи күнү баса албаганымды пайдаланып ары-бери түртүп, акыры менин чыдамымдын түбүнө жетти. Балдарына болсо таптакыр көңүл бурбайт”,- дейт жубайы Хизер. Ал эми Полдун айтымында, ажырашуунун башкы себеби таптакыр башкада экен. Белгилүү ресторандардын бирине үйбүлөсү менен кечки тамактанууга келген жеринен жубайы элдин көзүнчө ырчыга башынан ылдый кетчуп куюп жиберип, ойго келбеген уят сөздөр менен сөккөн. Бирок, ажырашуудагы элди кызыктырган башкы маселе бул эмес, эң негизгиси, Полдун өмүр бою жыйнаган миллиарддаган байлыгын бөлүштүрүү болгон. Соттун акыркы чечимдери боюнча, Хизерге Пол жылына 48 миллион доллар берип турушу керек. Андан тышкары, Европанын ар бир өлкөсүнөн бирден үй алып берүүгө тийиш.

Үйбүлөдөн кол жуудурган «Муз доору»
Орусияда былтыркы жылдын акырында белгилүү фигурист Илья Авербухтун үйбүлөлүк очогунун урашына байланыштуу чоң сенсация пайда болду. Алгач мунун себебин «жөн гана пикир келишпестиктер» деп жар салышкан болсо, кийин “үйбүлө үчүн таптакыр убакыттын жоктугу” деп чыгышты. Кээ бир маалыматтарга караганда, бул түгөй кызганычтын айынан ажырашышкан. Таптакыр үйбүлөсүнө көңүл бурбай калган Ильяга жубайы Ирина “же үйбүлө, же “Муз доору” деген тандоо койгон. Жыйынтыгында, канчалаган күйөрмандарынын өкүнүчүнө анын үйбүлө очогу ураган. Бирок, учурда Ильянын кайра жарашуу сунушу менен Иринага барып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Алтургай кайрадан чогуу муз үстүндө бийлей башташты.

Ажырашкан күнү кайра үйлөнгөн Валдис
17 жыл чогуу өмүр сүргөндөн кийин атактуу телеалпаруучу Валдис Пельш дагы таңкалычтуу түрдө жубайы Ольга менен ажырашып кеткен эле. Ортолорунда Эйжена аттуу кызы бар экендигине карабай Валдис ажырашуу сунушун киргизип, алтургай сотко да арызы менен өзү кайрылган. Бирок, буга чейин жубайы ажырашууга көн­бөй, өз макулдугун бербей келген. Мындай окуядан кийин көпкө чейин ажырашуунун себебин элге түшүн­дү­рүүдөн баш тартып келген телеалпаруучунун сыры расмий түрдө сот аркылуу Ольга менен ажырашкан күнү ачылган. Анткени, Валдис дал ошол күнү башы бошоор менен эле кайрадан Светлана аттуу модельер кызга баш кошуп, күйөрмандары арасында чоң талкуу жараткан. Учурда алардын ортосунда Илва аттуу кызы бар.

Эминем бир эле жубайы менен үч жолу ажырашкан
Белгилүү рэп ырчысы Эминем өзүнүн эле биринчи жубайы Кимберли Мэтерс менен үч жолу баш кошуп, үч жолу ажырашкан. Алгач күчтүү сүйүү сезимдерин бири-бирине билдирип 1999-жылы дүйнөнү дүңгүрөткөн үлпөт той менен баш кошушкан эле. Кийин жубайлар 2001-жылы Эминемдин Кимберлинин көзүнө чөп салгандыгынан улам ажырашып кетишкен. Мүлк бөлүшүү жаатында да бир топ чыр-чатактар болгону менен акыры бир ынтымакка келишип, болгон мүлктөрүн тең экиге бөлүү менен аяктаган. Бирок, түгөйлөр андан бери бири-бирисиз жашай албастарын айтып, эки жолу кайрадан үлпөт той өткөрүп, баш кошууга үлгүрүштү. Анткен менен учурда Эминем кайрадан бойдок, акыркы жолу да 2006-жылы жубайына көңүлдөшү менен төшөк үстүндө кармалып калгандыктан, ажырашып кетишкен. Жубайлардын акыркы ажырашуусу чындыгында эле чоң чыр-чатактарды жараткан десе болот. Анткени, бул жолу Кимберли Эминемге экөөнүн ортолорундагы кызы Хэйли Жейд Скотт менен жолугушууга таптакыр тыюу салган эле. “Учурда ырчы кайрадан үйлөнүү сунушу менен ошол эле жубайынын колун сурап жатат” деген маалыматтар бар.

Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 281, 21-27-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан