Ырчылар арасында өзгөчө бийлери менен айырмаланган кыргыз шоу-бизнесиндеги жаш аткаруучу Дайыр Исмадияров Алматыга барып келди. Ал жактан он жыл бир партада отурган классташ кызы Кундузду издеп жүрүп тапкан. «Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт» дегендей, бир кезде балалык сүйүүсүн арнаган классташын тапканына ырчы сүйүнүп турат. Дайыр ал жактан жыл сайын өтүүчү студенттердин «Кышты сүйөм» деген аталыштагы казак ырчыларынын катышуусундагы шоу-концертке да катышып кайтты.