Өзүн ырчы эмес, акынмын деп эсептеген рэпер Тата Уландын ысымы азыр жаштар арасында бир топ эле белгилүү. “Үйлөнчү убагым келди” деген акын жигит бир аз убакыттан бери “өз сүйүүмдү таптым” деп жүргөн. Үйлөнүүгө аз калды дегенде эки жаш таарынышып, эки айры жолго кетишти. Мунун себебин Тата Улан: “Менин жашоого болгон талаптарым катуу. Ошону көтөрө албай койду. Ал дагы өжөр кыз экен”,- деп түшүндүрдү.