Ырчы Ынак Осмоналиев туулган күнүн күтүп жүрүп өзүнө-өзү чоң белек жасады. Белектин башы жакшы башталганы менен аягында ырчынын маанайы чөгүп калды. Башкача айтканда, туулган күнүндө машиналуу болуп, ошол эле күнү айдоочулук күбөлүгүнөн айрылды. Күбөлүгүн ала албай чуркап жүргөн ырчы учурда машина айдоо боюнча тажрыйба топтоо менен алек болууда.