Жаштардын сүймөнчүгүнө айланган ырчы Сема жакында Москвадан келген достору менен жаратылыш коюнунда эс алып келди. Ээликкен достор мына эмесе деп Төө-Ашууга бет алган жактагы тоолорго барышкан. Өмүрүндө лыжа тээп көрбөгөн Сема досторунун алдында “лыжа тепкенди билбейм” деп айткандан уялган. Ошентип, бутуна лыжа байлаган ырчы тоодон ылдый кетип, лыжаны токтото албай катуу жыгылган. Жыйынтыгында, 150 долларлык лыжасын сындырганы аз келгенсип, кабыргасынан да жаракат алган.