Эки элдин маданий мамилелерин тереңдетүү максатында биздин өлкөнүн бир нече ырчысы Кытайга барып келди. Алардын катарында ырчы Замир Арыкбаев да бар. Замир менен барган биздин өнөрпоздор Кытай ырчылары менен биргеликте Артуш, Ак чий, Кашкар, Улуу Чат өңдүү бир нече шаарларды кыдырып концерт берип келишти.