Гезиттин мурунку сандарында “Кыздар, чапкыла!” деген аталыштагы макала жарык көргөн. Анда кыргыздын белдүү бойдок жигиттерин тизип жазганбыз. Бир нече жигиттин катарында 5-каналдын диктору Канат Абазбеков да бар эле. Ошондогу тизмеден карап эпчил кыздардын бири чаап алган экен.Эртең 13-декабрда Канаттын моюнуна каамыт илингени калды. Канаттын жүрөгүн багындырган Мээрим Ысык-Көлдүн ак куусу. Диктор келинчеги менен Токтогулга бүгүн кетишет да, ага-туугандын курчоосунда төрт күн той өткөрүшөт.