Ырчы Гүлнара Тойгонбаева учурда колуна дипломун алып сүйүнүп турган кези. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын менеджер кесиби боюнча аяктаган ырчы дипломдук ишин “5ке” жактады. Ал гана эмес, мамлекеттик экзамендерин да “5ке” тапшырган Гүлнарага дипломду Германиянын Кыргызстандагы элчиси өз колу менен тапшырды. Ырчы эми алган кесиби менен эмгектенүүнү максат кылууда.