Тал чыбыктай ийилген “Агама” бий тобунун кыздары ырчылардын ырларына көрк кошуп келет. Топтун алгачкы курамында 6 кыз бар экенин гезитибиздин өткөн сандарында кабарлаган элек. Топтун өкүлү болгон Альбина Германиядагы окуусун аяктап келгенине бир топ убакыт болгон. Бийчи кыз учурда ак жоолукчан келин болуп, чай куюп жаткан кези. Төрт жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыккан Альбина турмуш жолуна кадам таштаса да, топтон кетпесин билдирди.