Сахнага чыкканына аз гана убакыт болсо да ырчы Омар өзүнө көптөгөн күйөрман топтоого жетишти. Ал жакынкы аралыктан бери окуусун Америкада улантууну көздөп, англис тилин өздөштүрүп жаткан. Омар Жаңы Жылды бул жерден тоскон соң январь айында Америкага кетери анык болду. Англис тилин суудай билип калган ырчы ал жактан Меридиан колледжине тапшыруу менен ырчылыкты кошо алып кетүүнү көздөөдө.