Уккулуктуу үнү бар ырчы Айгүл Чалова учурда темир тулпарды учурта айдап калган кези. Ырчы кыз машинасын кечинде атайын жайга эмес, дайыма үйүнүн алдына токтотот. Жакында эле белгисиз адамдар ырчы кыздын машинасына помада менен ар түрдүү сүрөттөрдү тартып, жазып кетишкен. Анысы аз келгенсип, машинасынын алдыңкы фарасын сындырганга үлгүрүшкөн.