Ырчы, телеалпаруучу Зарина Хасанова жаңырган жаңы 2009-жылды тосуп алар алдында аяз кыз болгону жатат. Ырчынын айтымында, Аяз ата ким болору азырынча белгисиз. Зарина аяз кыз болуп кийинип 23-декабрдан тарта бала бакчаларды, балдар үйлөрүн кыдыра баштайт. Аяз кыздын образын мыкты жаратуу үчүн ырчы учурда күнүгө репетиция кылууда.