Акбар атын булгагандарды кармады

Токтоо мүнөзү, жагымдуу ырлары менен кыздарды артынан ээрчиткен ырчы Акбар Сүйүнбаевдин атын булгаган жигиттер пайда болду. Ал жигиттер Токтогул жана Ысык-Көл аймактарына “Акбар Сүйүнбаев концерт берет” деп афиша чаптап, элди алдашкан. Концертке келген элге “бүгүн Акбар келбей калды” деп өздөрү ырдап акча тапкан жигиттерди ырчы колго түшүрдү. Акбар учурда ал жигиттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ырчы шылуундарга карата кандай чечим кабыл алары азырынча белгисиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 319, 12 - 18-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан