“Ак куу болуп учкум келет” деп кыялданган Кубик кызы Айпери азыр жаштардын сүйүктүү ырчысы. Сүйүктүү ырчыларды эл сахнадан гана эмес, тойлордон да көргүсү келери анык. Бирок, Айперинин тойлордо ырдашына атасы каршы. Анткени, шоу-бизнести, сахнаны көрүп калган Кубик кызын ар ким келип бийге чакырышын, акча кыстарышын каалабайт.