Дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу кыргыз тилиндеги “Супер-Инфо” гезитинин супер концерти кечээ 18-декабрда ордо калаабыздагы Спорт Ордосунда болуп өттү. Концертте мамлекетибиздеги телерадио, ырчы, бийчи, ди-джей, спортчу, саясатчы, министр, депутаттар арасынан суперлер тандалды. Наам тапшыруудан сырткары эл сүйүп уккан ырчылардын катышуусунда чоң концерт болуп өттү. Зал толо күйөрмандары бар “Супер-Инфонун” супер концертинин жүрүшүн толугу менен келерки саныбыздан окуй аласыздар.