5-классынан тарта машинаны зуулдата айдаган ырчы Ильяз Андаш жыл жаңырар алдында темир тулпарлуу болду. Тактап айтканда, ырчыга ата-энеси Мазда 626 үлгүсүндөгү машинаны белек кылышты. Бир учурда Каракол шаарында, анан Бишкекте окуган студент ырчы “эми жол кыйынчылыктары артта калды” деп сүйүнүп турган кези.