Казакстандын «Стиль академиясы» Ассоль айымга «2008-жылдын мыкты имиджмейкери» деген наамды ыйгарды. Бул наам Ассолдун ушул жылы жараткан өзгөчө стилдеги кийимдеринен баштап чач жасалгаларына чейинки эмгектенүүсү үчүн берилди. Ошондой эле «Лиза», «Бурда», «Персона», «Имена», «Вояж», «Сезон» аттуу журналдардын жүзү болуп тартылды.