Ырчы Азат Болотбек “Айшитерү” деп аталган ырды Масаки деген жигит менен бирге ырдады. Масаки Москвада окуп келген кыргыз жигити. Убагында аны белгилүү продюсер Александр Ревзин жаңы долбоорго рэпер катары чакырган. “Айшитерү” деп аталган ырдын кайырмасы кыргыз, испан, орус, англис, япон тилдеринде ырдалат. Баса, “айшитерү” япон сөзү. Аны кыргызча которгондо “мен сени сүйөм” дегенди билдирет. Кыргыз эстрадасына жаңы кошулган бул оригиналдуу ырга жакында клип тартылат.