Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын бири Бактыгүл Бадыеванын жагымдуу үнү, сулуу жүзү көпчүлүктү кайдыгер калтырбайт. Ырчы кыз Жаңы жылды өз мекенинде үйбүлөсү менен тоскон соң чет өлкөгө барып эс алып келүүнү максат кылып жатат. Бактыгүл кичинекей кезинен бери Японияны көргүсү келип, “жок дегенде бир жума эс алып келсем, арманым жок эле” деп кыялданчу. Ушул кыялын ишке ашырууну көздөгөн ырчы учурда документтерин даярдап чуркап жүрөт.