Жакында эле Съездбек Искеналиев борбордогу ресторандардын биринде жердеш агасынын үйлөнүү тоюнда болгон эле. Тойдо ырчы жаңы жазылган «Ой, тобо» ырын элдин суранычы менен үч жолу ырдаган. “Өзүм ыраазы кылам” деп чакырган ырчынын агасы Съездбекке бооз топоз энчилеген. “Топозду азыр алып кетпейм. Көбөйө берсе, жыл сайын согум союп турам”,- дейт топоздуу болгонуна сүйүнгөн ырчы.