Көп кырдуу таланты менен эл оозуна алынган Асеманын ак жоолукчан келинге айланганын күйөрмандары билишсе керек. Актриса жолдошу экөө 2009-жылды Чүй өрөөнүнүн эс алуучуларын кышкысын кучагына алган “Нооруз” эс алуу борборунда тосууну пландашууда. Жаш үйбүлөнүн бул пландарын уккан жакындары: “Тоодо эмне бар? Биз менен эле тоспойсуңарбы!”- деп таарынып жатышат. “Бала болсо үйдөн эле тосмокпуз. Биз азыр өзүбүздү кыз-жигиттердей сезебиз” деген эки жаш Нооруздагы коттедждерден бир номерди ээлеп коюшту.