Өткөн сандарыбыздын биринде коңур үндүү ырчы Роза Шакирова балалуу болгонун жазган элек. Ырчы көз жарары менен айылдан апасы келген. 22-декабрда ырчынын уулу Русландын бул жарык дүйнөгө келгенине туура кырк күн болду. Кыргыздын илгертен келе жаткан салты менен Роза апасы экөө ымыркайды кырк кашык сууга киринтип, кыркылыгын чыгарды. “Бала көрөбүз” дегендерди “кыркылыгы чыксын” деп токтотуп жаткан ырчынын үйү учурда бала көргөнү келгендердин шаңына бөлөнүүдө.