Ырчы Гүлжигит Сатибеков учурда түштүк аймагын кыдырып концерт берип жүрөт. Ала-Бука айылына концерт коёрдун алдында аппаратурасынын бир колонкасын уурдатып жиберди. “Чоң залдан үнүм жакшы угулбай калабы” деп кооптонгон ырчынын концерти дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолгон. Учурда уурулар изделүүдө.