1-январда ырчы Айжан Газиева дос кызы менен шаардагы кафелердин бирине кирген. Жанындагы столдо отурушкан мырзалар ырчыга тийишип, тынч тамак ичирбей коюшкан. Жини келген ырчы ал мырзалар менен айтыша кеткен. Айтыштын аягы тебишип-чабышуу менен аяктаган. Мушташкандарды кафенин коопсуздугун көзөмөлгө алган жигиттер араң токтотушкан.