Мындан ары сахнага жалаң көз айнекчен чыкмай болгон ырчы Бекчоро Жаңы жылды достору менен тосту. Досторунун көңүлүн ачууну көздөгөн ырчы жаңы жылдык кечеде Аяз ата болгон. Саат 12ни көрсөтөргө жакын чогулгандар жаңы жылдык от жагышкан. Ошондо капысынан Аяз атанын ролун аткарып жаткан Бекчоронун чапанынын төш жагына чок чачырап кеткен. Чок түшкөн жер гана күйбөстөн, аз жерден сакалы да өрттөнүп кете жаздаган.