Көптөгөн ушактарга эми жооп табылды окшойт. Жыл башында ырчы айым Неля менен ырчы мырза Урмат Усенов бирге түтүн булатышып, турмуш жолуна кол кармаша аттанышты. Эки жаш өзүлөрүнө өкүл эне, өкүл ата катары режиссёр Рысбек Жабиров менен анын жубайын шайлашты. Ал эми эки жылдыздын дүңгүрөгөн тою февраль айында болору да белгилүү болду. Буюрса, тойго биздин келерки сандарыбызда күбө боло аласыздар.