Айбек Карымов Жаңы жыл алдында корпоративдик кечелердин бирине барган. Белгиленген ырын ырдап кетмекчи болгон ырчыга Москвадан келген жеке ишкер кымбат баалуу уюлдук телефонун белекке берген. Көрсө, ал адам Айбектин ырларын сүйүп гана укпастан, дал өзүндөй созуп ырдаган адамдардан экен.