Татына жүздүү ырчы Анжелика 2009-жылды жолдошу Урмат менен Дубай шаарынан тосуп келди. Дубайдын кооз жерлеринде болгон ырчы “шаардын көркөмдүгүн сөз менен айтып жеткире алгыс” дейт. Жаңы жыл күнү жаш жубайлар бири-бирине белек берүү үчүн супермаркеттерди кыдырып жүрө беришип, аз жерден мейманканага жетпей көчөдөн тосуп кала жаздашкан. Анжеликанын айтымында, Урмат экөө эми жыл сайын Жаңы жылда бирден өлкөнү кыдырууну тилек кылышууда.