Кыргызстанда биринчи болуп ачылган музыкалык маанайшат Супер ТV телеканалынын тушоосу кесилгенине бир нече убакыт болду. Аталган телеканал энергиялуу, чымыны бар, тилинен чаң чыккан, чыгармачыл жаштар үчүн кастинг жарыялаган эле. Телеалпаруучу болгусу келген кыз-жигиттер тажрыйбалуу режиссёр, алпаруучулар алдында өз таланттарын сындан өткөрүштү. Сынактан өткөн алпаруучуларды Супер ТV телеканалынан жакында көрө аласыздар.