Ырчы Ильяз Абдыразаков дегенде сулуулардын көбү ак эткенден так этерин көрүп эле жүрөбүз. Канчалаган жүрөктөрдү багынта алган, ал гана эмес артынан ээрчитип ыйлата алган ырчы туулган күнүн достору, жакшы санаалаштары менен тоодо лыжа тээп өткөрүүнү пландап жатат. Тоого барып эс алып келген ырчынын жеке майрамы кечкисин футбол ойноо менен уланмакчы. Бул күнү ырчыны туулган күнү менен куттуктап келген жакын туугандары Ильязды таппай убара болот окшоп калды.