Ырчы Роза Шакирова депутат Ибрагим Жунусовдун “Үйлөнүү тою” ырын ырдап чыкканына бир канча убакыт болду. Ырдын автору менен макулдашкан Роза эми ырга оригиналдуу клип тартканы жатат. Клиптин сценарийи боюнча сүйүшкөн эки жаш турмушта болгон кыйынчылыктардан улам чогуу түтүн булата албай калышат. Сүйүүлөрүнө жетпей калгандар өмүр бою бири-бирин унутушпай ичтеринен сызып жашап кала беришет.