Продюсер Назгүл Насиева өзү сахнага алып чыгып келе жаткан балдарынын ата-энелери менен жакындан таанышкысы келген. Бул күнгө чейин балдарынын ата-энелерин продюсер телефон аркылуу гана сүйлөшүп келгендиги анык. Көптөн бери оюнда жүргөн планын аткарууга ниеттенген Назгүл Насиева “жакын туугандардан болуп жүрөлү, силердин балдарыңар менин да балдарым болуп калды” деген ойдо ырчылар Аида Кулуеванын, Эрмектин жана Карлыгачтын ата-энелери менен маңдай-тескей бир дасторкондо отуруп таанышып, аңгемелешти.