Жаңыдан эл оозуна алынып келаткан ырчы Курал алгачкы жолу “Ишенбейм” аттуу ырына клип тартты. Клип тартуу учурунда көп кыйынчылыктарга туш болду. Тактап айтканда, сценарий боюнча Курал менен тартыла турган кыз биринчи күнү съёмкага келип, экинчи күнү дайынын билдирбей кеткен. Тагдырдын тамашасыбы, айтор, режиссёрлор таап келген экинчи кыз дагы биринчи күнкү съёмкадан кийин телефонун өчүрүп, байланышпай койгон. Айласы кеткен ырчы үчүнчү кызды таап, аны менен клибин аяктаган.