Коңур үнү, ачык-айрым мүнөзү бар ырчы Жанета Бобковага жолдошу Денис бриллиант көздүү шакек белек кылды. Бир канча акчанын башын чарпыган бул белек ырчынын туулган күнүндө берилди. Эки ок менен бир коён аткан Денис жубайынын туулган күнүн куттуктап, анан да “эки бала төрөп бердиң” деген ыраазычылык оюн билдирген. Жолдошунун сюрпризине жетине албаган Жанета шакегин жакындарына, досторуна эки күн майлап берди.