КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова кышында лыжа тээп эс алганды салтка айлантып алган. Жакында эле ырчы айым сегиз күндүк кышкы эс алуусун чет өлкөлүктөрдүн да кызыгуусун туудурган Каракол тоо-лыжа базасында өткөрдү. Ырчы ал жакка баласы Арнас менен барган. Ошентип, лыжа тебүүнү мыкты өздөштүргөн ырчы аппак карлуу тоо коюнунда эс алып кайтты. Айтмакчы, Гүлнурдун баласы Арнас дагы лыжа тепкенди жактырат. Гүлнур келечекте баласынын лыжа тебүү боюнча профессионал спортчу болоруна ишенерин билдирет.