Ырчы Таалайбек Турдубаев үч баланын атасы болуп калды. Эки уулунан кийин жарыкка келген ырчынын кызы Ош шаардык төрөтканада төрөлдү. 3 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн ымыркайга Таалайдын достору Айжамал деген ат ыйгарышып, аябай жуушкан. Бирок ырчынын агасынын небересинин аты дагы Айжамал экен. Ошондуктан ырчы «кызыма башка ат койсомбу» деп учурда ойлонуп жатат.