ОЙГО КЕЛБЕС ӨЛҮМДӨР

Картайып же оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышкан адамдарды узатуу – адатта ый-муң менен коштолчу көрүнүш. Бирок, кээде ажал адамды шылдыңдагысы келгендей учурлар да кездешет. Мындайда өлүм шарттары таңкалыштуу, кээде күлкүлүү да болуп калат. АКШда өзгөчө өлүмгө дуушар болгон маркумдарга атайын сыйлык уюштурушкан. Ал «Дарвиндин сыйлыгы» деп аталат. Төмөндө аталган сыйлыкка ээ болгондордун кээбирлери...

Сабырсыздыктын айынан...
АКШнын Теннеси штатындагы белгилүү шарап заводунун негиздөөчүсү Жек Дэниэл сабырсыздыгынын айынан көз жумган. Жумушка эрте келип алган Жек эмне кылаарын билбей сейфин ачып көрүүнү чечет. Бирок, кодду унутуп койгонуна жинденген Жек сейфти болгон күчү менен тээп жиберет. Жектин буту жаракатка кабылып, жаракат ырбап отуруп, акыры өлүмгө дуушар болот.

Ажалы бир эже-сиңдилер
1991-жылы Тайвандын 57 жаштагы жашоочусу фермасын карап жүрүп уйдун чыласына тайгаланып кеткен. Жыгылып бараткан айым жанталашып зымды кармай калат. Ал болсо ачык турган күчтүү кубаттагы электр зымы эле. Фермер айым ушинтип көз жумгандан көп өтпөй эле сиңдиси каргаша болгон жерде кошуналарына эжесинин кантип өлгөнүн сүрөттөп берип жүргөн. Тагдырдын тамашасы менен ал да ошол эле жерде кокусунан тайгаланып кетип, ошол эле зымды кармаган бойдон өлгөн экен.

Өлүк жеңүүчү
1953-жылы англиялык чабандес Фрэнк Хейс ат жарышта ат чаап баратып жүрөгү токтоп калган. Таңкалыштуусу Фрэнк аттан кулаган эмес. Анын күлүгү Свит Кисс жүрүшүн токтотпой чуркап отуруп марага биринчи болуп келген. Ошентип, Фрэнк ат чабыш боюнча дүйнөдөгү жалгыз “өлүк жеңүүчү” деген атка конгон.

Тиш чукугуч жутуп алып...
Америкалык жазуучу Шервуд Андерсондун чыгармалары гана эмес, өлүмү да өзгөчө. Ал кечеде конокто отуруп кокусунан тиш тазалагыч жутуп алат. Натыйжада, Андерсондун көкүрөгү ириңдеп, оору күч алып отуруп 1941-жылы жазуучуну өлүмгө алып келген.

Крокодилдин оозуна өзү түшүп берген циркач
Бул окуя фантастикадай сезилет. Түндүк Таиландда цирк учурунда көрүүчүлөр укмуштуу өлүмгө күбө болушкан. Батутта секирип жаткан Од аттуу эргежээл циркач туура эмес жакка кулайт. Ошентип, Од аренага чыгуу үчүн өз кезегин күтүп, оозун аңырдай ачып эстеп жаткан крокодилдин оозуна түшүп жем болгон.

Ачкөздүк өлүмгө алып келди
Гомер жана Лонгли Коллиэрлер түркүн буюмдарды коллекция кылганды жакшы көрүшчү. Алар керектүү нерседен байкабай айрылып калуудан коркуп эч нерсе ыргытышчу эмес. Акыры алардын коллекциялары таштандыга айланган. “Кокус бирөөгө бир буюм уурдатып жибербейли” деген ой менен үйдүн ар кайсы жерине тузак койгонго чейин барышат. 1947-жылы милиция кызматкерлери алардын денелерин үй ичиндеги таштандынын арасынан зорго таап чыгышкан. Көрсө, Лонгли биртууганына (Гомердин буту шал болгон) тамак көтөрүп келатып өзүнүн тузагына түшүп, үстүн басып калган таштандыдан чыга албай өлгөн экен. Ал эми Гомер болсо агасын күтүп жатып ачкалыктан көз жумган.

Өз башын араалап...
Израилдик 30 жаштагы Кристоф Азнинский достору менен көңүл ачып отуруп көз жумган. Бир топ кызып калган достор кимиси эр жүрөк экенин далилдөө үчүн ар кандай жоруктарды жасоого киришкен. Достордун бирөөсү бензин менен иштөөчү арааны алып, өз согончогун кесип салган. Кристоф жооп ирээтинде: “Ушундай де?! Анда буга эмне дейсиңер?”- деп досунан тартып алган бензин араасы менен өзүнүн башын шылып салган.

Чыдамдуулугун көрсөтүп...
Сыягы, эр жүрөктүгүн далилдегиси келген жигиттер четтен чыгат окшойт. Американын Иллинойс штатынын тургуну Патрик Стифф досу менен “ким жакындап келе жаткан поезддин алдында узакка тура алат?” деп мелдеше кетет. «Жеңүүчү» Патрик досуна караганда чыдамдуураак экен. Аны тебелеп кеткен машинист рельсте турган адамды байкаган да эмес.

Ыйга айланган кубаныч
Убагында «Tour de France» деп аталган веложарыштын жеңүүчүсү, Люксембургдун жашоочусу Франсуа Фабер Биринчи дүйнөлүк согушта баатыр катары эмес, сүйүнүчтөн каза тапкан. Ал фронтто окопто жашынып жаткан кезинде аялынан «кыз төрөдүм» деген телеграмма алат. Кыздуу болгонуна катуу сү­й­үнгөн Франсуа баарын унутуп, далдоодон чыга калат. Натыйжада, немис снайперинин огуна кабылып көз жумат.

Бирөөнүн өлүмүнө кызыгып, өздөрү ажал тапкандар
Вьетнамдагы Хошимин шаарындагы көпүрөдө жаш кыздын өзүн-өзү өлтүр­гөнү жатканына кызыгып 50гө жакын адам чогулуп калат. Бир убакта көпүрө оордукту көтөрө албай сынып кетет. Натыйжада, 9 адам каза болуп, ал эми өзүн өлтүргүсү келген жаш кыз аман калган.

Акча өндүрүүнү самап...
Нью-Йорк шаарында жолдон өтүп бара жаткан адамды машина сүзүп алган. Жабырлануучу эч кандай орчундуу деле жаракат алган эмес. Бирок, өтүп бара жаткан күбө­лөрдүн биринин «калп эле оор жаракат алгандай түр көрсөтүп жатып кал, акча өндүрүп аласың» деген кеңеши менен кайра жата калган. Натыйжада, өзүн сүзгөн машинанын алдында тебеленип өлгөн.

Моюн орогучтан ажал тапкан бийчи
Ал эми Американын белгилүү бийчиси Айседора Дункандын өзүнүн моюн орогучунан ажал тапканын билгендер аз болсо керек. Машинада кетип бараткан бийчинин моюн орогучу терезеден шамалга желбиреп бараткан болот. Бир убакта моюн орогучтун учу машинанын дөң­гөлө­гүнө оролуп кетет. Натыйжада, Айседора муунуп гана тим болбостон, моюну да сынат. Бийчинин айдоочусу жол боюнда кыйкырып жатышкан адамдардын ишаратынан улам машинаны токтоткондо кеч болуп калган эле…

Ажалдары алмашкан эне-бала
Нью-Йорк шаарынын жашоочусу Жулия Карсонду врачтар «жүрөгү токтоп калды» деп ооруканадан чыгарып коюшат. Аны акыркы сапарга узатып жатышканда «өлүп калган» Жулия өзүнө келип, «бул жерде эмне болуп жатат?» деп тура калган. Анын кызы коркконунан ошол жерде жан берген.

«Кылмышкер» койлор
1999-жылы 67 жаштагы англиялык фермер айым Бетти Стоббс мотоциклине бир боо саман жүктөп алып койлоруна жөнөйт. Беттинин койлору ушунчалык ачка болушкандыктан, чөпкө жулунуп, жөөлөшүп жатып ээсин терең аңга кулатып жиберишет. Окуя ушуну менен бүтсө Бетти аман калмак. Бирок, койлору жөөлөшүп жатып ээсинин аркасынан мотоциклди да кулатып салышкан. Бечара фермер унаасынын астында калып өлгөн.

Даярдаган Махабат Догдурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurkq100
2012-09-02 19:26:34
жиндиго.......теке кен
0
№ 282, 28-март - 3-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан