Татына жүзү менен жигиттерди жок дегенде бир кылчайткан ырчы Мэри Шакулина продюсери менен 4-5 айдан бери иштешпей калган. Продюсери Дананын “кайдасың, жолугалыбы?” деген суроолоруна “ооруп жатам” деп жооп берип келген ырчыны “өзүңчө эле иште” деп бирөөлөр ортодон бузушкан. Мэрини ооруп жатат деп жүргөн Данага ырчы өзү келип, болгон чындыкты айтып, кечирим сурады.