РЭКЕТИР

Казактар катуу кетти го... Тимур Бекмамбетовдун “Тагдыр тамашасы. Уландысы” фильми бүткүл КМШ өлкөлөрүнө таанымал болсо, “Көчмөндөр” ар түрдүү улуттун актёрлорун камтыган эл аралык киного айланды. Ал эми “Монгол” тасмасы Американын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү. Эми минтип жаш режиссёр Ахан Сатаевдин “Рэкетир” деп аталган долбоору прокат жана киреше боюнча жаңы рекорддорду жаратууда.

Режиссёру – Ахан Сатаев
Продюсерлери – Ахан Сатаев, Жарасхан Кульпиенов
Сценарийин жазган – Тимур Жаксылыков
Ролдордо: Саят Исембаев, Мурат Бисембин, Асель Сагатова, Жан Байжанбаев, Ментай Утепбергенов, Бопеш Жантаев, Болат Калымбетов жана Владимир Вдовиченков

Эмне жөнүндө?
Бул тасма Саян аттуу жаш жигиттин өз оозунан чыккан жашоо таржымалы тууралуу. Алматыда төрө­лүп-өскөн жигит келечекте мыкты мушкер болуп чыгат деген чоң үмүт бар эле. Бирок, балакай “ийгиликке муштумдун күчү менен эле жетсе болот” деп чечкен. Саян үчүн баары эле жакшы башталгандай болгон... Акыры ал жашоодо ар бир кадамың үчүн жооп бериш керек экенин, артка жол жок калганын түшүнө баштайт. Тилекке каршы, каталарды оңдоого эми өтө эле кеч болуп калды...

Тасманын жаралышы
“Рэкетир” тасмасын жаратуу идеясы мындан 2 жыл мурун пайда болгон. Фильмди жаратуучулар ушул тапта Орусияда актуалдуу болуп жаткан криминалдык драма жанрында тартууну туура көрүш­көн. Сюжетин чиймелеп туруп чыгымды эсептешкен да, Сатаев жана достору болуп 800 миң доллар чогултушкан.
Асмандын башын айтып гонорар талап кылган атактуу актёрлордун тынчын албастан, жөнөкөй спортчуларды кастинг аркылуу тандап, аларга кыска мөөнөттүн ичинде актёрдук мастер-класс өткөрүү – эң туура чечим эле. Үч ай ичинде даяр болгон “Рэкетирдин” бет ачары 2007-жылдын 8-ноябрына белгиленген. Жаңы тасманы көрүү үчүн Алматынын акими баш болгон чоңдор “Арман” киноборборуна чакырылган.
Фильмди прокатка чыгараардан мурун жаратуучулар “Метистер” тобунун “Уйкусуз” деген ырына фильмден алынган кадрларды кошуп клип тарттырышкан. Тасма тууралуу бардык гезиттерге, радио жана телевидениеге жарнамаларды көрсөтүү – ийгиликтин баштапкы кадамдары эле. Казакстан боюнча ушундай ири масштабда тартылган эң алгачкы фильмди алгачкы эки жумада эле 250 миң адам көрөт жана тасма 1,2 миллион доллар алып келет деп режиссёр өзү да күткөн эмес.

Эл аралык долбоор
Казакстандын бардык ири шаарларындагы театрларда коюлган “Рэкетир” январдан баштап лицензияланган көчүрмөсү менен Орусиядагы жана биздин борборубуздагы кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган. Март айынын аягына чейин тасма DVD форматта Германия, Прибалтика жана АКШга таратылат. Алдыда фильмди Англия менен Түркияда да көрсөтүү пландары бар. Мындай иш-чаранын эң негизги максаты – казак фильмин эл аралык деңгээлдеги долбоорго айлантуу.

«Казакша «Бригада»
Тасманын мазмуну “жакшы бандиттердин” жашоосун чагылдырган орусиялык “Бригада”, “Бумер” сыяктуу фильмдердин сценарийине окшош болуп калганын тажрыйбалуу киносынчылар да, жөнөкөй интернет форумчулар да байкашып, тасмага “Казакша “Бригада” деген экинчи ысым ыйгарып коюшкан.
“Рэкетир” 14-25 жаштагы көрүүчүлөр­гө, андан сырткары, жаштык кези фильм­де сүрөттөлгөн 90-жылдарга туш келген 35 жашка чейинки адамдарга ыңгайланган. Бул жерде “тасма жаш муунду туура эмес жолго чакырып жатат” деген ой пайда болушу мүмкүн. Бирок, режиссёр Ахан Сатаев буга: “Акылдуу көрүүчү фильмдин мазмунунан анын идеясын бөлүп көрүүгө кудурети жетет. Негизги идея – бардык нерсе үчүн баарыбир жооп бересиң. Ар бир көрүүчү өзү үчүн туура жыйынтык чыгара алат деп ойлойм”,- деп жооп берген.

Ахандын сыры
Кино – өтө кооптуу иш экенинде күмөн жок. Тобокелге салып баштап алган фильмиң эртеңки күнү ийгиликке жетсе, өзүңө миллион доллар менен атактуулукту алып келет. Жетпесе – банкрот.
Караганданын кулуну жөнөкөй эле орто мектепти аяктап, жарнамалык роликтерди даярдап акча таап жүргөн Ахан Сатаев кечээ эле ушинтип тобокелге барган да, бүгүн бардык массалык маалымат каражаттарынын көңүл борбору болуп келүүдө. “Жөнөкөй көркөм фильм тартып гана тим койбостон, аны чыныгы коммерциялык бизнеске айландырып, ортодон чоң киреше табуунун сыры эмнеде?” деген суроого Ахан төмөндөгүчө жооп кайтарган: “Эч кандай деле сыр жок. Болгону, эгер фильм өлкө ичинде гана прокатка чыга турган болсо, анын бюджети 500 миң доллардан ашпаш керек экен. Анан дагы ошол акчаны туура бөлүштүрүү маанилүү. Колуңдагы акчанын 20 пайызын – башталгыч даярдыкка, 50 пайызын – тартууга, 30 пайызын жарнамалык иш-чараларга жумшашың керек. Айта кетчү нерсе, тарткан тасмаң элиңе жакын болушу да маанилүү. Фильмде тааныш имараттарды, өз тилиңдеги сөздөрдү угуу – ар бир эле көрүүчү үчүн жагымдуу нерсе болсо керек”.

Кызыктуусу...

  • Фильмдин режиссёру Ахан Сатаев 2003-жылы “SataiFilm” жарнамалык роликтерди даярдоо студиясын ачкан. “Рэкетир” дагы ушул студиянын өндүрүмү болуп эсептелет.
  • 2007-жылы Ахан Сатаевге “Казакфильмдин” мүдүрү Анар Кашаганова “Жылдын продюсердик долбоору” деп Казакстандын кинематографисттеринин атайын сыйлыгын тапшырган.
  • Фильмдин монтажын орусиялык “Мосфильм” студиясында жасап, үндөрүн “Казакфильм” студиясында жаздырышкан.
  • Владимир Вдовиченков “Бригада” сериалында да ойногон. “Рэкетирге” аны титрде жок дегенде бир жылдыздын аты болсун деген максатта тартышкан” деген сөздөр бар.
  • 90-жылдардан бери Алматы бир топ өзгөргөн. Буга байланыштуу операторлор “кээ бир жаңы имараттар кадрга түшүп калбасын” деп абайлап тартышкан. Ал эми шаарды дээрлик 20 жыл артка кайтарыш үчүн компьютердик эффекттер колдонулган.
  • Тасманын алгачкы аталышы “Саян” болчу.
  • Ахан Сатаев өзү абдан динчил адам. 300дөн ашуун жарнамалык роликтердин бирөөсүндө да ичкиликти жарнама кылган эмес. Ал эми “Рэкетир” тасмасында каармандардын бири түрмөдө отуруп, ислам динин кабыл алат.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 282, 28-март - 3-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан