Ырчы Дайыр Исмадияровдун “Студенттик күндөрүм” ырынын клиби www.super.kg сайтына жүктөлгөн. Аны көргөн Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз кызы Жыпара клипте тартылган сиңдисин Дайырдын продюсери аркылуу тапкан. Таарынышып кеткен биртуугандарды табыштырган клиптин ээси Дайырга Жыпара чоң ыраазычылыгын телефон аркылуу билдирген.