Өзүнүн чыгармачылыктагы жакындары менен Орусиянын бир нече шаарына концерт коюп келген Сема ал жактан жагымдуу белек алып кайтты. Семанын ырларын гана эмес, өзүн да жактырган бир бийкеч ырчыга жүрөкчө формасындагы кыпкызыл жумшак жаздыкты сүйүү күнүнө карата белек кылган. Эрте эле жүрөкчөгө ээ болгон ырчы сүйүү күнүндө эми түштүк жергесине концерт коюуну пландаштырып жатат.