ВЛАДИМИР КЛИЧКОГО КИНОГО ТАРТЫЛУУНУ СУНУШТАШУУДА

Владимир Кличкого киного тартылууну сунушташууда
Бир ай мурун Владимир атаандашы Крис Бёрдду жеңип, IBFнын жаңы дүйнө чемпиону болуп калган эле. Эми ал Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамына жетүүнү максат кылууда.
Владимир эми рингге ким менен чыгаары белгисиз. Бирок, боксчу өзү бир да беттештен жеңилип көрбөгөн Сергей Ляхович, Джеймс Тоуни, Хасим Рахман, Келвин Брок деген аттуу-баштуулардын бирөөсү менен чыгышым мүмкүн деп белгилөөдө.
Эскерте кетсек, боксчу бир ирет киного да тартылган эле. Фильм "Оушендин 11 досу" деп аталат. Фильмде атактуулар Жордж Клуни, Жулия Робертс, Брэд Питт тартылган. Ал эми Владимир Ленноксом Льюис менен эпизоддо тартылган. Азыр жогоруда аталган фильмдин 3-бөлүгү тартылуу алдында. Режиссёрлор Владимирге кайрадан тартылууну сунушташууда. Ал эми боксчу кокустан жаман тартылып калбайын деп макул боло элек.

Андрей Шевченко эми “Челсиде” ойнойт
“Акчаң болсо кулуңмун” дегендей, украиналык чабуулчу Андрей Шевченко баары бир «Челси» командасына ойной турган болду. Ал «Миландан» англиялык клубга өтүү тууралуу макулдашууну аягына чыгарды. Эми 4 жылдык келишимге кол коё турган Шевченко жылына 11 миллион доллар алып турат.
Андрейдин ордуна “Милан” 60 миллион еврого француз коргоочусу Вильмгалласты сатып алат.
Негизи, “Челсинин” ээси, Чукотканын губернатору Роман Абрамович менен башкы машыктыруучу Жозе Моуринью “Челсиге” көптөн бери жакшы чабуулчу ала албай жүргөн. Эми Европанын мыкты оюнчусу наамын алган Шевченко “Челсини” алдыга сүйрөйт деген үмүт бар. Белгилей кетчү нерсе, украиналык форвардды алуу үчүн дүйнөнүн эң бай адамдарынын бири Абрамович үч жыл короткон.
Эми маалыматтарга караганда, «Челси» жакынкы күндөрдө жарым коргоочусу Фрэнк Лэмпардга жаңы келишим сунуш кылат. Эгер сунуш кабыл алынса, Фрэнктин келишим мөөнөтү узарып, футболчу жумасына 140 миң фунт стерлинг алып турат.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 187, 2-8-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан