Назира Жетигенова: «АШМАЛТАЙЫҢДЫ ЧЫГАРАМ!»

– Алло, Назира, сени менен сүйлөшө турган сөздөр бар.
– Эмне сөз, сен кимсиң?
– Менин ким экенимдин сага өтө деле зарылчылыгы жок болушу керек. Бирок, мен сенин сахнага чыкканыңды мындан кийин көрбөйүн!
– Эй, эшек, «сени сахнадан көр­бөйүн» дегидей кимсиң?
– Мен сага адамча сүйлөп жатам, анан кеч болуп кеткенден кийин өкүнүп калба!
– Эмне, сен сахнаны сатып алдың беле? Бар, мээни чакпачы!
– Эй, кыз, сахнаны анан эмне, сен сатып алдың беле? Менин ким экенимди уга элегиңде этегиңди жап!
– Пошла ты, билгениңди кылып алчы!
– Келчи, азыр сүйлөшөбүз.
– Сүйлөшпөйм мен, чалбачы экинчи, энеңди окутуп коём!
– Ай, Назира, абайлап сүйлөсөң. Концертиңди болтурбай койсом, болкулдап ыйлап отурба.
– Эй, сволочь, колуңдан келеби концертти болтурбай коюш? Мага тийишем деп тишиңден айрылып калба!
– Ошончо кыйынсыңбы?
– Жок, сен менин өзүмө, концертиме асылгыдай сен кимсиң деги? Мени бул убакка чейин эч ким тыя алган эмес жана тыя албайт дагы. Демек, өпкөң үзүлүп кала электе бул оюңдан кайта берсең болот.
– Сен менин өпкөмдү үзөсүңбү?
– Башка жериңди да үзүп коём. Биринчиден, мага тийишпе, тийишкенден кийин мага таарынба, уктуңбу? Жерге кирсең чачыңдан, асманга чыксаң бутуңдан тартып болсо да таап, ашмалтайыңды чыгарам!
– Кантип?
– Атаңдын башындай кылып, көк мээ! Сага окшогондорду мен уруп да ойнобойм.
– Ушунча маданиятсыз белең, ким айтат сени кыргыздын кызы деп?
– Эй, блин, азыр кармап алып, көзүңдү оюп, чайнабай жутам!
– Назира эже, аябай жиндендиңиз го, сиз “Тамаша тордосуз”.
– Эй, мен бул жакта концерт уюштуруп псих болуп жатса, чалып алып андан бешбетер жинди кыласың да кишини. Азыркы сөздөрдү жазба гезитке.
– Коюңуз, жинди болбоңуз, сиз элге керек адамсыз. Анан кантип сиздин сөздөрүңүздү биз жазбай коё­буз. Ишиңизге ийгилик, жакшы калыңыз.


Айгүл Чалова: «ЭМНЕ, МЕН КӨЧӨДӨ ЖАТКАН АДАМ БЕКЕНМИН?»

– Алло, бул Айгүл Чалова дегенби?
– Ооба, менмин. А сиз ким болосуз?
– Мен өзүм администратор болуп иштеймин. Азыр Москва көчөсүнө келип калчы, жанагы ырыңа “Боз салкын” киносун клип кылып алган турбайсыңбы, ошол боюнча сүйлөшөбүз!
– Эже, мен азыр бара албаймын. Токтогулда жүрөт элем.
– Тезирээк келип калсаң жакшы болмок, эртең бул иштин соту да болот.
– А мен шаарга дүйшөмбү күнү барам. “Сот болот” дейсизби, эмне, мени сотко берип жатасыңарбы?! Ал ырга силердин киноңорду мен чаптаган эмесмин да. Мен клип тарттырайын дегенче болбой эле пираттык дисктерге ыр кино менен чыгып кетиптир.
– Ай, чоң кыз, ал ыр сеникиби? Демек, сен буга өз башың менен жооп бересиң!
– Мен ырыма 100 пайыз жооп берем. Ал эми пираттык дисктерди жасагандар үчүн мен жооп бере албаймын!
– Ал ырдын автору сенсиңби? Клиби да сага тиешелүү болот. Кичине көзө­мөл­дөбөйсүңбү, билесиңби, сен деңгээли жогору бир кинонун баркын түшүрүп жатасың, бул үчүн мыйзамдуу түрдө жооп бересиң!
– Эже, түшүнөсүзбү, мен да ошол ишти жасаган адамдарды издеп таппай койдум. Аларды таап сотко берейин деп “Ош базарына” чейин издеп барып келгем. Ишенбесеңиз, бул тууралуу гезиттерге да айтканмын.
– Ошол клипти жасаган балдарга ырыңды өзүң алып барып бергенсиң да, туу­рабы? Анан эмне актанып жатасың?
– Ооба, мен ырды музыка койгон бир тааныш байке сураганынан алып барып бергем. Бирок, ырга клипти алар жасаган эмес экен. Ким жасаганын эч кимиси айтпай койбодубу. Териштирсем, бири-бирине шылташат. Кээси “бул УТРКдан жасалган” десе, экинчиси “сүйүнбөйсүңбү ырың ушунчалык популярдуу болуп жатканына” деп кутулуп кетишти. Ошентип, канча убара болсом да ким жасаганын тактай албай койдум.
– Эми, ал сенин маселең. Бирок, ырдын кино менен чыгып жатканы бул – факт, эл күбө. Бул ырыңа үч күндүн ичинде клип тарттырып элге таркатпасаң, иш жаман болуп кетиши мүмкүн.
– Тартам, Бишкекке бараарым менен клип тарттырып баштаймын да, бир жуманын ичинде эфирге чыгарам. Бирок, бул ырга силердин киноңор клип болгонуна эки жыл болду, эмнеге эки жылдан бери эми иш козгоп жатасыңар?
– Эки жыл сени эмне кылаар экен, клип тартса билинбей кетээр деп күттүк.
– Мүмкүн, клип чыкканда дароо эле чара көрсөңөр, табуу оңой болот беле деп ойлоп жатпаймынбы. Же мени ушинтип сындыралы деп жатасыңарбы?
– Эртең кел, кантип сындыраарыбызды соттон көрөсүң?
– Сот болоордон бир жума мурун чакыруу келчү эле го? Силер эмне азыр чалып, “келип кал” деп жатасыңар?
– Көп сүйлөбөй, келип кал дегенде келип калчы! А Токтогулда эмне кылып жүрөсүң?
– Машина алган элем, ошону майлап, айылдан бата алып кетейин деп апамдарга келген элем.
– Ий, уяты жок, кылгылыкты кылып коюп, жүрөсүң машина майлап.
– Эже, мен эмне кылдым сизге? Жанатан бе­ри оозуңузга келгенди айтасыз да. Мен сот болоорун билген эмесмин. Адамча чакыруу жибербейсиңерби, кел дегенде келе калгыдай эмне, мен силерге көчөдө жаткан адаммынбы?!
– Көчөдө жатпасаң, анда бирөө­нүн киносун булгамак эмессиң да.
– Башымды оорутпачы?! Түт-түт-түт...
Кайра чалып:
– Алло, Айгүл...
– Барчы! Түт-түт, түт-түт...
Дагы чалып:
– Алло, алло, Айгүл, бул – “Супер-Инфонун” “Тамаша тору”. Мен Замирамын.
– Эй, Замира, сенин ушинтээриңди билгем да. Коркутпай эле тамашалабайсыңбы? Жүрөгүм түшүп калды.
– Көңүлүңө албай эле кой, бул биздин катардагы эле тамашабыз.


Байыш Момунов: «АНДАЙ НИКЕСИЗ БАЛА ЖАРАТКЫМ КЕЛБЕЙТ»

– Алло, кандайсыз? Байыш байке, бул мен, сиздин күйөрманыңызмын.
– Жакшы, атыңыз ким?
– Менин атым Астра.
– Астра, жөн-жай эле чалдыңыз беле?
– Жөн-жай эмес, бул телефон номериңизди айлап-жылдап сурабаган адамым калбай, араң таппадымбы!
– Таап алып эмне айтайын дедиң эле?
– Сизди жакшы көрөөрүмдү айтайын дедим эле. Байыш байке, мен сизди аябай жакшы көрөм. Мен сизсиз жашай албайм.
– Чоң кыз, менин үйбүлөм бар экенин билесиңби?
– Үйбүлөңүз бар экенин билем. Ошол үйбүлөңүздү бузгум келбей, кыйналып жүрбөймүнбү.
– Анан эмнеге чалып жатасың?
– Байыш байке, мен сиздин үйбүлөңүзгө тийбейм, болгону, сизден бир гана суранычым бар.
– Ал кандай сураныч?
– Сиз эмне деп ойлосоңуз, ошо деп ойлоңуз, мен сизден төрөгүм келет.
– Жашың канчада?
– 23 жаштамын, өзүм Оштон болом.
– Карындашым, жапжаш кыз экенсиң, төрөгүң келсе, күйөөгө тийиш керек. Эмне кыласың антип өзүңдү азапка салып.
– Күйөөгө тийсем тийип алам. Бирок, мен сизден төрөгүм келет. Сизден төрөгөн баламды белек катары өстүрөм.
– Азыр бала өстүрүү эле оңой дейсиңби? Кыйналасың да?
– Жок, мен төрөп эле алсам болду. Баланы кор кылбай, бапестеп өстүрүп алуу колумдан келет.
– Эмне, бардык шартың барбы? Анан кыйналып калбайсыңбы?
– Кудайга шүгүр, сиздин каныңыздан жаралган баланы канаттууга кактырбай багып алууга кудуретим жетет.
– Анан чоңойгондо “сенин атаң Байыш Момунов, сени таштап кеткен” деп балага мени жаман көргөзсөңчү?
– “Атаң Байыш Момунов” деп айтышым мүмкүн. Бирок, “таштап кеткен” деп айтпайм. Байыш байке, жолугалычы, балким, мени көрсөңүз, өзүңүз эле макул болуп беришиңиз мүмкүн.
– Сизге жолугуп, сизди көрүп эрип кетип, анан балалуу болуп калсамчы?
– Анда жакшы болот да!
– Жок, мен анан ал баладан өмүр бою карыз болгум келбейт. Баарыбир атасы мен болом да. Баланын да убалы бар, карындашым.
– Сиз эч нерсе карыз болбойсуз, тескерисинче, кааласаңыз мен сизге төлөп берем бир түнгө.
– Мен сенден карыз болбосом да, ата катары баладан карыз болом. Андай никесиз бала жараткым келбейт менин.
– Анда бир жумага нике кыйдырталы, макулсузбу?
– Ал десем да, бул десем да кутултпайсың го сен мени. Сен алгач ойлон, никесиз бала төрөп эмне кыласың?
– Мунун баары сиз үчүн жасалып жаткан иш.
– Сен туура эмес кадамга барып жатасың, карындашым. Азыр жашсың да, кийин өкүнөсүң. Балаңды атасыз өстүрүп эмне кыласың?
– Атасы сиз болосуз да, балким, жылдызыбыз келишип кетсе, бир үйбүлө болуп алаарбыз.
– Жок, жүрөктү түшүрбөчү, карындашым, мен сага аке катары жакшы эле кеңеш бердим окшойт. Мындай нерсе тарыхта болгон эмес. Мен мындай сунушту биринчи жолу сенден угуп жатам. Азыр колум да бош эмес, бошогондо шашпай сүйлө­шөбүз, макулбу?
– Ошондо макул болосузбу?
– Макул болом деп сага сөз бере албайм, бирок, жолугуп сүйлөшөбүз. Карындашым, менден башка деле ырчылар көп го?
– Мен сизди эле сүйөм дебедимби.
– Гезиттерден ушинтип тамашалашып калчу эле, журналист эмессиңби?
– Мен журналисттерди тааныбайм.
– Анда мен сага бошогондо чалам. Азыр убактым жок, макул, ээ, жакшы кал.
– Байыш байке, сиз чочулагандай эле бул – “Супер-Инфо” гезити.
– Ой, карындашым, аябай ишендирип тамашалайт экенсиң. Өзүмдү аябай күнөөлүү сезип кеттим.
– Сиз да чоң атадай кеңеш берет экенсиз. Бул тамаша, көңү­лү­ңүзгө албаңыз.


Ынак Осмоналиев: «БУЗУЛУП КАЛГАН КЫЗЫҢДЫ АЛ ДЕГЕНИ ТУРАСЫҢБЫ?»

– Алло, ай, Ынак, мен сага Оштон чалып жатам. Сен менин кызымды эмне кылып кеткенсиң, уяты жок?!
– Эже, кечиресиз, сиз кимсиз, мен эмне кылыпмын?
– Өткөндө Семанын концертине келгениңде биздин үйдө 2 күн жатпадың беле. Үйүмө жатканың аз келгенсип, кызымды шерменде кылып кетипсиң да!
– Мен эч нерсеге түшүнгөн жокмун.
– Кызым менен жымыңдап сүйлөшүп турбадың беле, эй, бети жок, акмак десе.
– Мен кызыңыз менен карындаш катары сүй­лөшүп турганым чын. Андан башка эч нерсе болгон эмес.
– Кандайча эч нерсе болгон эмес? Эмне, ал кызды сен болбосоң, анан эмне, мен өзүм зордуктап алып, сага чалмак белем?
– Түшүнөсүзбү, менин үйбүлөм, 3 кызым бар. Кудай сактасын, мен андай жолго барбаймын. Мына сураңыз Семадан, Кабыл Бөрүбаевден. Ашыкча кадам баскан эмесмин.
– Эй, жаныңды жебе, мен өз көзүм менен көрдүм го, кызыма тийишип жатканыңды. Мен баарын текшерттирем, керек болсо сени каматып, түбүңө жетем, уктуңбу?!
– Сиз антип ак жерден эле мени күнөөлөбөңүз! Өзүн тыя албаган кызыңыз үчүн мен жооп бербеймин.
– Сен бул жүрүшүңдө канча кыздын убалына каласың, шерменде. Мен шаарга барып керек болсо сыналгыдан чыгып, “Ынак кызымды бузуп качып кетти” деп айтамын.
– Бар, айта берчи, кызың экөөң эмне, мени келесоо деп ойлоп жатасыңарбы? Эмне, бузулуп калган кызыңды алып бергени турасыңбы? Кызыңды алтын кошуп берсең да албаймын.
– Татынакай кыздын кыздык абийирин алып койдуң, эми 10 балаң болсо да аласың, уктуңбу?! Болбосо, түрмөдө чирийсиң! Боюна бүтүп калган болсо, менден өмүр бою кутулбайсың!
– Оозуңа карап сүйлө, жөн койсо куру доомат кыласың да. Сенин кызыңа менин колум да тийген эмес.
– Түнөгөн үйүңө түкүрүп кеткен кандай адамсың, тарбия көргөнсүңбү деги?
– Эй, кандай түшүнбөгөн аялсың, биринчи өзүңөрдү тарбиялап алгыла. Бар, мага чалбай эле, барчу жериңе бара берчи. А то, кызың экөөңдү тең ордуңарга коюп коём!
– Ынак байке, анчалык катуу кетпеңиз, сиз Супер-Инфонун “Тамаша торуна” түш­тү­ңүз!
– Эх, сен Замирасыңбы, мээни эзип жатып жаман сөздөрдү айттырып аласың, ээ?
– Эми бул тамаша экенин элдин баары түшүнөт да. Рахмат убактыңызды бөлүп койгонуңузга.

Тамашалаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 282, 28-март - 3-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан