Белгисиз кылмышкерлер “Кылым муза” продюсердик борборунун кызматтык машинасынын айдоочусун муунтуп, машинаны тоноп кетишкен. Борбордун жетекчиси Айбек Карымовдун айтымында, машинаны кечке жуук беш бала тоскон. “Ала кетейин” деп токтогон айдоочуну жигиттер кур менен муунтушкан. Шамдагайлыгынан качып кеткен айдоочу жапа чеккен эмес. Кылмыш иликтөө тобу ырчынын тонолгон машинасын Маявка айылындагы бактуу жерден тапкан.