“Айгүлүм” ыры менен учурда белгилүү болуп турган жылдыздуу ырчы Ильяз Андаштын эжеси учурда Канада өлкөсүндө иштеп жүрөт. Ырчы жакшы көргөн эжесинин туулган күнүнө өзгөчө белек жиберди. Тактап айтканда, атайын “Эже, туулган күнүң менен!” деген обондуу ыр жазып, аны интернет аркылуу жөнөттү. Айтмакчы, бул ырды күйөрмандары жакында
www.super.kg сайтындагы медиа-порталдан уга алышат.