Отун жарганды жакшы көргөн Айдин Шер чекесинен жаракат алды. Тактап айтканда, уюлдуу отунду жарып жаткан ырчыга кокусунан отундун чабындысы тийип, так чекесин жарып кетти. Ошол күнү ырчы сыйлуу жерге барып ырдамак эле. Биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин ырчы чакырылган жерге барып таңылган чекесин көрсөтпөй, кепка кийип алып ырдаган.