Ак таңдай акын Аалы Туткучев төкмө акындардын ичинен биринчи жолу өзүнүн “Аалынын айтыштары” аттуу эки бөлүмдөн турган компакт-дискин чыгарды. Дискте акын ким менен айтышса, ошол айтыштарынын баары камтылган. Кыргыздын илгертен келе жаткан өнөрүн сүйгөн адамдардын суроолору менен чыгарылган диск учурда Улуттук филармонияда баасы 100 сомдон сатылууда.